КВАЛИФИКАЦИЯ (мыйзамдуу белгилер менен аныктоо)
КВАЛИФИКА́ЦИЯ – коомго каршы келген коркунучтуу жосундун белгилерин мыйзамда каралган кылмыш белгилери м-н аныктоо. Жаза кодексинин теориясында К. расмий (легалдуу) ж-а расмий эмес (доктриналык) түргө бөлүнөт. Расмий К-ны жаза кодексинин чегинде жаза иштери б-ча тергөөчү, прокурор, судья (сот), ал эми расмий эмес К-ны бардык жарандар жүргүзө алат. Буга гезит, журнал ж-а китепте келтирилген кылмыштар кирип, ал адамдын укуктук көз карашын, оюн билдирет ж-а юрид. күчкө ээ болбойт. Коомго коркунуч туудурган жосунду К-лоодо жаза кодексинин статья, бөлүм пункттары толук көрсөтүлүшү керек. Эгер кылмышка шериктеш болуу м-н аткарылып же аягына жетпеген кылмыш болсо, жаза кодексинде каралган башка статьяларында көрсөтүлөт.
К. А. Бодобаев.