КАРБОН КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:23, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Жакут (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБО́Н КИСЛОТАЛАРЫ – молекуласында карбоксил – СООН топтору бар бирикмелер.Молекуладагы карбоксил топторунун санына жараша алар бир, эки, үч ж-а көп негиздүү, ал эми ал топтор м-н байланышып турган ради­калдардын түзүлүшүнө жараша ациклдүү, аро­маттык, гетероциклдүү, каныккан ж-а канык­паган болуп бөлүнөт. Алардын аттары три­виалдык, рационалдык ж-а илимий номенклатура­лар боюнча аталат. Практикада тривиалдык но­менклатура көбүрөөк колдонулат. Мисалы, кумурс­ка, алма, валериан, лимон кислотасы ж. б. Ал эми Женева номенклатурасы боюнча алардын аты углеводороддордун атынан алынып, аягына «кис­лотасы» деген сөз кошулат. Мисалы, этан, бутан кислотасы ж. б. Рационалдык номенклатура боюнча карбон кислоталарынын аттары уксус кислотасынын метил тобундагы суутек атому алкил радикал­дары м-н орун алмашкан бирикмелер сыяктуу каралат. Мисалы, СН3–СН2– СООН – метилуксус кислотасы, СН3–(СН2)2–СООН – этилуксус кислотасы, С6Н5–СН2–СООН – фенилуксус кислотасы ж. б. Карбон кислоталары начар кислоталар. Суудагы эритмеси минералдык кислоталарга салыштырмалуу начар диссоциа­цияланат. Алар – суюк же катуу заттар. Моле­кулалык массалары анча чоң эмес ациклдүү карбон кислоталарынын төмөнкү өкүлдөрү сууда жакшы эрийт. Ири молекулалуу өкүлдөрү сууда эрибейт; спирт, эфир, бензолдо жакшы эришет; химиялык жактан активдүү бирикмелер. Негиздер м-н туздарды RCOOH + NaOH – O+ R–COONa; спирттер 2 м-н татаал эфирлерди, R+COOH + R–OHXR– COOR–+ H2O фосфор галогениди, хлордуу тио­нил ж-а сульфирил м-н хлорангидриддерди R-COCl, ал эми сууну өзүнө тартып алуучу зат­тардын таасиринде ангидриддерди (RCO)2O пай­да кылат. Карбон кислоталары жаратылышта (айрыкча али­фаттык) эркин түрүндө да, бирикмелер түрүндө да көп таралган. Алар өсүмдүктөрдүн мөмөлө­рүнүн, майдын, кандын курамында кездешет. Синтез жолу м-н кислоталардын нитрилдерин гидролиздөөдөн, углеводороддорду, спирттер­ди, альдегиддерди окистендирүүдөн алынат. Карбон кислоталарынын бирикмелери эл чарбасында чоң маа­ниге ээ. Мисалы, кумурска ж-а уксус кислоталары кездеме боёодо; уксус кислотасы ж-а ангидриддери ацетилцеллюлоза алууда, ал эми ири молеку­лалуу карбон кислоталары самын, сыр, лак өндүрүүдө; адипин ж-а терефтал кислоталары синтез буласын алууда колдонулат.

С. А. Адылов.