КАШКА-ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-ТЕРЕК – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Кыз-Көл айыл округуна ка­раштуу. Көгарт суусунун боюнда, деңиз деңг. 1120 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 27 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 25 км. Кыштак 1896-ж. негизделген. Калкы 1007 (2009); неги­зинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китеп­кана, ФАП бар.