КАРЫН ЗИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:39, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫН ЗИЛИ – карын былжыр челинин без­дери бөлүп чыгаруучу түссүз, кычкыл суюктук. Анын курамында ферменттер, туз кислотасы, был­жыр, минералдуу туздар болот. Ферменттер та­мак сиңирүүгө катышат. Туз кислотасы тамак-ашты жумшартып, ферменттерди активдештирет, мик­роорганизмдерди өлтүрүп, уйку безинин фер­мент иштеп чыгаруусуна, тамак сиңирүүчү гор­мондордун пайда болуусуна түрткү берет. Карын зилинде туз кислотасынын аз же көп болушу анын кыч­кылдуулугун аныктайт. Карын зили тамак ичпей тур­ганда бөлүнөт. Тамак оозго же карынга түш­көндө же адам тамакты көргөндө, жытын сез­генде, тамак жөнүндө сөз болгондо да бөлүнө баш­тайт. Тамактын жагымсыз жыты же түрү анын бөлүнүшүн токтотот же азайтат. Карын зилинин кура­мын изилдөө ооруну аныктоого жардам берет.