КАЧЫР
КАЧЫР (лат. mulus) – жылкы (бээ) м-н эшекти аргындаштыруудан алынган үй жаныбары.
Чоңдугу, ийкемдүүлүгү жылкыга, чыдамдуулугу, иштемчилдиги эшекке окшош. К. көп жыл жашайт, пароплазма ж-а инфекция анемиясына дээрлик чалдыкпайт. Тоютту колдон талап кылбайт. К. тукум бербейт. Өңү негизинен өзүн тууган бээникине окшош. Күч унаа катары пайдаланылат. Иштемчилдигине жараша жүкчүл ж-а чегилме К-га бөлүнөт. Ыйык жалынан бийиктиги: жүкчүл К-дыкы 110–140 см, чегилме
К-дыкы 160 см. Жүкчүл К-дын салм. 300–
400 кг. К. Борб. Азия, Закавказьеде, о. эле. Азия, Африка өлкөлөрүндө, Европанын түштүгүндө ж. б. асыралат.