КАРКЫРА СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКЫРА СЫМАЛДАР (Gruiformes) – куштар түркүмү. Бул түркүмдүн 8 түркүмчөсү бар. Алар буту ж-а моюну узун ири канаттуулар. Чоңу­нун салмагы 15 кг. КМШда эң кичинеси 2–3 кгга жетет. Жүнү катуу ж-а тыгыз, нык келет. Шый­рагынын ылдый жагында жүнү жок. Канаты кыска ж-а жазы, куйругу кыска. Тумшугу узун ж-а күчтүү. Буттары анча узун эмес, беш ман­жалуу. Алардын эркеги м-н ургаачысы абдан окшош, кээде ургаачысы эркегинен чоң болот. Дүйнөнүн бардык өлкөсүндө кеңири таралган. Алар негизинен түз жерде, сазда жашайт. Бар­дыгы моногамдуу куштар, жубу өмүр бою сак­талат. Уясын жерге, айрымдары даракка салат. Балапандары тыбыт жүн м-н капталып, көзү ачык чыгат. Тыбыт жүнү кургагандан кийин эле уядан чыгып, энесинин артынан ээрчип жөнөйт. Каркыра сымалдар өсүмдүк, кээ бир түрү жандыктар м-н азык­танат. Каркыра сымалдардын 13 тукуму, 88 уруусу, 214 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 7 түрү кездешет. 1–2, чанда 3 жумуртка тууйт. Жумурткасын көбүнчө ургаачысы басып чыгарат. Каркыралар – жөжө чыгаруучу куштар. ТКЭСтин Кызыл китебине 16 түрү катталган.