КАТУУ БУУДАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУУ БУУДАЙ (Triticum durum L/) – буу­дайдын түрү. Эгилген аянты б-ча буудай түрлө­рүнүн ичинен дүйнөдө экинчи орунда. 120дан ашык түрү белгилүү. К. б. күздүк ж-а жаздык, о. эле кош сапаттагы формага ээ. Даны маша­гында тыгыз жайгашкан. Даны жумшак буу­дайдын данынан чоңураак, негизинен айнек сымал жалтырак, сапаттуу таза ун көп чыгат.
Белогу сортуна жараша 14–20%ке чейин болот.
Клейковинасы да жумшак буудайдыкынан жо­гору. Бирок унунан бышырылган нан жакшы көппөйт. Себеби клейковинасынын сапаты тө­мөн. Унунан негизинен сапаттуу макарон, вер­мишель, кесме, шак, майда акшак алынат. К. б. көбүнчө Россия, Казакстанда (К. б. өстүрүү б-ча дүйнөдө алдыңкы орунда) эгилет. Кырг-нда К. б. аз аянтта эгилет ж-а сугат жерлерде 60–70 цге чейин түшүм берет. Г. Ф. Эшимкулова.