КАТЕГОРИЯЛАР
КАТЕГОРИЯЛАР (ф и л о с о ф и я д а) – чындык ж-а тааным дүйнөсүндөгү көрүнүштөрдүн эң жалпы касиеттерин, катыштарын, мамилелерин чагылдыруучу өзөктүү, фундаменттүү филос. түшүнүктөр. К. таанымдын ж-а коомдук практиканын тарыхый өнүгүшүн теор. жалпылоонун натыйжасы катары түзүлгөн. Категория ж-дөгү окуу Аристотелге таандык, ал бардыгы 10 категория (маңыз, сан, сапат, катыш, орун, убакыт, аракет, жапа чегүү, ээлөө, абал) бар деп эсептеген. Азыркы учурда философтор диалектиканын материя, аң-сезим, кыймыл, убакыт, мейкиндик, маңыз м-н көрүнүш, мүмкүндүк м-н чындык, себеп м-н натыйжа, зарылдык м-н кокустук, мазмун м-н форма, бүтүн м-н бөлүк, сапат м-н сан, каршылык, карамакаршылык ж. б. башкы К-ы аркылуу бүткүл дүйнөнүн маңызын олуттуу түшүндүрүүгө болот деп белгилешет.
Ад.: Левин Г. Д. Философские категории в современном дискурсе. М., 2007.