КАТЫНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТ НЬ (Катынь токою) – Смоленск обл-нда­гы 1940-ж. жылдын жазында СССР Ички иш­тер эл комиссариатынын (ИИЭК – НКВД) кыз­маткерлери тарабынан атылган, польшалык ин­сандар (айрыкча туткунга түшкөн поляк армия­сынын офицерлерин) көмүлгөн жер. 1939-ж. августта СССР м-н фашисттик Германиянын ор-

Катынь мемориал комплексинин салтанаттуу ачы­лышы.


Катынь комплексинин ритуал аянтчасы.

тосунда өз ара кол салбоо ж-дө пакт түзүлгөн. Пакт б-ча Польшанын батыш аймактары Гер­манияга, чыгыш аймактары СССРге карамак болгон. 1939-ж. сентябрда Германия Польшага кол салып, 10 күндө караткан. Румынияга кач­кан Польша өкмөтү туткунга алынып, эркин­диги чектелген. 1939-ж. Кызыл Армия Украи­на, Беларуссиянын батыш аймактарын ж-а Польшанын чыгыш аймактарын караткан. Кызыл Армияга каршылык көрсөткөн поляк офицерлери, интеллигенция өкүлдөрү туткунга алынып, түрмөгө, лагерлерге камалып, 1940-ж. ИИЭК кызматкерлери тарабынан Катынь токо­юнда (Беларуссия) атылган. 1943-ж. жерг. эл­дин маалыматы б-ча атылгандардын сөөктөрүн Катынь токоюнан поляктар тапкан. Совет бий­лиги 1990-ж-га чейин Катынга тиешеси жок экендигин билдирип, бүт жоопкерчиликти Гер-

манияга жүктөгөн. 1990-ж. СССРдин башкы аскер прокуратурасы тарабынан К. ж-дө иш коз­голуп, ал 2004-ж. жабылган. 183 томдон тур­ган К. ж-дөгү иштин ичинен РФ 67 томду гана Польшага берип, калган 116 том РФтин мамл. сыры катары эсептелгендиктен, Польшага бе­рилген эмес. Архив документтери б-ча Батыш Украина м-н Батыш Беларуссияда жалпысынан 21 857 киши атылган, а. и. Катынь токоюнда 4 421, Харьковдо 3 820, Калининде 6 311 ж-а лагерлер м-н түрмөлөрдө 7 305 киши өлгөн. Тут­кунга түшкөндөрдүн арасында келечектеги Польшанын президенти Войцех Ярузельский, Израилдин премьер-министри Менахем Бегин да болгон. К. Польша м-н Россиянын мамилеле­рине терс таасир тийгизген. 1989-ж. К. мемо­риал комплекси орнотулган.

Т. Жоробеков.