КАРАКУР
КАРАКУР (Lyrurus tetrix) – куштардын тоок сымалдар түркүмүнүн каракурлар тукумунун уруусу. Дене узундугу 53–57 см, салмагы 1,2–1,8 кг. Эркеги кара, куйругу эки ача, сыртын карай ийилип турат. Мекияны боз чаар. Эки түрү (кадимки ж-а кавказ каракуру) бар.

Кадимки каракур Азия, Европа токойлорунда, 40–50 жыл мурда Кыргызстанда Тескей ж-а Күнгөй Ала-Тоо кыркаларындагы карагай, бадал аралаш салкын токойлордо тараган. Түрдүү өсүмдүктөр ж-а курт-кумурскалар м-н азыктанат. Каракур бири-биринен обочо жерге уялап, 9–14 жумуртка тууйт, 19–25 күн басып чыгарат. Бул түрдүн саны жылдан жылга азаюуда. 1975-жылдан Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Кавказ каракуру – Кавказ тоолорунун эндемиги.