КАСЫМБЕКОВ Рыскул
КАСЫМБЕКОВ Рыскул (1953-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Саруу айылы) –

а. ч. илимд. доктору (2000), проф. (2002). К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн (1976). 1976-жылдан «Оргочор» кой өстүрүү б-ча тажрыйба станциясында зоотехник, ил. кызматкер. 1987–90-ж. Ысык-Көл облустук партия к-тинде инструктор, а. ч. бөлүмүнүн башчысы. 1990-ж. «Оргочор» асыл тукум кой өстүрүү мамл. з-дунун директору. 2000-жылдан КЭУнун Кара-Кол ш-ндагы филиалынын ректору. Физиология, селекция, генетика, экология илимдери б-ча адис. 40тан ашык ил. эмгектин, а. и. 2 монография, 2 окуу куралы, 4 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Иссык-Кульский меринос. Б., 1977.