КАССИТЕРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАССИТЕРИ́Т (гр. kassiteras – калай), калай таш –

оксиддер классына кирүүчү минерал. Хим. формуласы SnO2, тетрагон системасында крис­таллданат. Өңү-түсү боз, саргыч боз, күрөң, сар­гыч күрөң, кара күрөң, кыз­гылтым күрөң, кара, кээде түссүз. Катуулугу Моостун шкаласы б-ча 6–7. С. салм. 6,5–7,5. Гидротерм, пневма­толит процесстеринен пайда болот. Пегматит тарамда­рында көп кездешет. Кварц­касситерит, сульфид-касси­терит тарамдарында пайда болгондору ө. ж-лык маани­ге ээ. Кычкылданууга, тал­каланууга туруктуу. Чачыранды түрдө көп кез­дешет. Негизги калай кени болуп эсептелет.