КАССАНДРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАССА́НДРА – байыркы грек мифологиясын­да Троя падышасы Приамдын кызы. Аполлон Кассандрага олуялык жөндөм берет, бирок өзүнүн сүйүү­сүнө жооп ала албаган Аполлон Кассандранын олуя­лыгына элди ишенбес кылып таштайт. Ошон­дон улам аялзаттын эң сулуусу Еленаны (Спар­танын падышасы Мелайдын жубайы) уурдоо­дон баш тарт деген Кассандранын эскертүүсүнө бир туу­ганы Парис да, троялыктар да ишенбей коюш­кан. Бул окуя Троя согушуна жана Троя өлкөсүнүн кыйрашына алып келген. Кыргыздын улуу жа­зуучусу Ч. Айтматов «Кассандра тамгасы» ро­манын жазууда байыркы грек мифологиясын­дагы Кассандрага байланыштуу окуяларга кайрылган.