КАСИЕВ Кубанычбек Сапашевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСИЕВ Кубанычбек Сапашевич (25. 10. 1957- ж. т., Фрунзе ш.) – биология илимд. доктору (2011). КМУну бүтүргөн (1980). Кыргыз ССР


ИАнын Биология ин-тунда кенже, улук ил. кызматкер (1980–89). КР мамл. жаратылыш к-тинин биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы (1990–95), КР айлана-чөйрөнү коргоо министрли­гинин биотүрдүүлүктү сактоо башкы бөлүмүнүн башчысы (1996–2001). КР Өкмөтүндө Премьер­министрдин экология б-ча кеңешчиси (2001–05).
КР УИАнын Биология ж-а топурак таануу ин­тунда лабор. ж-а геоботаника б-ча жетекчиси (2006-жылдан). 50дөн ашык ил. иштердин, а. и. 2 монографиянын автору.