КАРШИ
КАРШИ́ (1926–37-жылдарда Б е к - Б у д и) – Өзбекстандын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Кашка-Дарыя вилаетинин административдик борбору. Кашка-Дарыянын боюнда, Карши талаасында, Кунгур-Тоо дөңсөөсүнүн этегинде жайгашкан. Калкы 254,0 миң (2008; калкынын саны боюнча вилаеттеги 2- шаар). Эл аралык аэропорту бар. Жеңил (анын ичинде пахта тазалоочу, текстиль, тигүү), тамак-аш–татымал (анын ичинде май экстракты) өнөр жайы, курулуш материалдар ишканалары иштейт. Педагогикалык институт, край таануу музейи бар. 14-кылымда пайда болгон. Көк-Күмбөз мечити (16-кылымдын аягы) сакталган.