КАРБОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Жакут (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР , и з о ц и к л ­д ү ү б и р и к м е л е р – молекуласында көмүртек атомунан түзүлгөн цикли (шакеги) бар органикалык бирикмелер. Карбоциклдүү бирикмелер алициклдүү ж-а аромат­тык болуп бөлүнөт. Ароматтык бирикмелерге бензол ж-а анын гомологдору м-н туундулары, трополондор, азулендер ж. б. кирет. Алициклдүү бирикмелерге каныккан алициклдүү, полимети­лендүү (циклоалкандар ж-а алардын туундула­ры), мисалы, циклопропан, циклогексан, гексах­лорциклогексан, каныкпаган алициклдүү би­рикмелер (циклобутен, циклопентадиен) кирет. Карбоциклдүү бирикмелердин циклинде көмүртектин атомунун саны ж-а циклдеринин саны ар түрдүү. Шакектердин санына жараша алар бир ядролуу же моноцикл­дүү, би-, три­ж-а полициклдүү болуп бөлүнөт. Эки цикл бири-биринен көмүртектик түз чын­жыр м-н, мисалы, дифенилэтан же жөнөкөй байланыш м-н байланышы мүмкүн, мисалы, дифенил . Көпчүлүк учурда цикл­дер жалпы эки көмүртектин атомуна ээ конден­сацияланган ядролор, мисалы, нафталин. Али­цикддүү ж-а ароматтык бирикмелер химиялык жол м-н бири-бирине оңой өтөт. Мисалы, бензолду майдаланган Niдин үстүнөн гидрлегенде – цикло­гексан, ал эми ультра-кызгылт көк нур м-н нур­ландырып, хлорлогондо гексахлоргексан алы­нат. Карбоциклдүү бирикмелер өтө кеңири тараган. Алар синтетика­лык чайырларды, пластмасса, дары-дармек, боёк, инсектицид ж. б. заттарды алууда колдо­нулат.