КАРТ
КАРТ (англ. cart) – кузову, дифференциалы ж-а дөңгөлөктүн серпилгичтүү асмасы жок, чакан аянтчадагы (картингдеги) жарышка арналган чакан литраждуу автомобиль. Жумуш аткаруу көлөмү 250 см3га чейинки 2 такттуу кыймылдаткычы бар. Эң жогорку ылдамдыгы 150 км/саат.