КАРАБЕКОВА Жамиля Усенгазиевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБЕКОВА Жамиля Үсөнгазиевна (4. 12. 1951-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) – биология илимдеринин доктору (2010). В. В. Маяков­ский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институ­тун бүтүргөн (1973). 1973- жылдан КР УИАнын биология жана топурак таануу институтунда ага лаборант, кенже илимий кызматкер, илимий кызмат­кер, ага илимий кызматкер, 2003-жылдан омуртка­сыз жаныбарлардын зоологиясы лабораториясын же­тектеген. Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти (2010). 1979–80-жылдарда СССР ИАнын Ленинградда­гы зоология институтунда, 983–85-жылдарда СССР ИАнын Москвадагы гельминтология институтунда балык­тардын мителери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.20.. -жылдан КР УИАнын Биология институтунун директору. Кыргызстан ж-а Орто Азиянын жаныбарлар дүйнөсүн изил­дөөдө белгилүү салым кошкон. Моногенеялар классы боюнча Орто Азиядагы жалгыз адис. «Кыр­гызстандын генетикалык фондунун кадастры­нын» ж-а «Биология энцклопедиясынын» тү­зүүчүсү жана жооптуу катчысы. 50дөн ашык илимий иштери, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн.

Эмг: Моногенеи рыб Казакстана и Средней Азии. А.-А., 2001; Моногенеи естественных водоемов Средней Азии. Б., 2009.