КАРОЛИНГДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРОЛИНГДЕР – Франк мамлекетиндеги ко­ролдор м-н императорлор династиясы. Карл Iнин ысмынан аталган. 751-ж. Меровингдерди ал­маштырып, 10-к-га чейин бийлик кылган. К. династиясы аны негиздеген Пипин Ланденский­дин (7-к.) тушунда күчтөнө баштап, небереси Ге­ристальский, чөбөрөсү Карл Мартелл ж-а анын уулу Кодоо Пипиндин (К-дин 1-королу) бийли­ги учурунда ого бетер чыңдалып, айрыкча Карл I Улуунун (768–814-ж. башкарган, 800-жылдан император) тушунда өтө күчөгөн. 814-ж. бийлик анын уулу Людовик Благочестивыйга өтүп, Вер­ден келишими (843) б-ча империяны Карл Iнин Улуунун неберелери бөлүп алган. Империя би­ротоло кулагандан кийин К. Италияда 905-жыл­га, Германияда 911-жылга, Францияда 987-ж. чейин бийлик кылган.