КАРНО ЦИКЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРНО́ ЦИКЛИ – эки изотерма ж-а эки адиа­бата процесстеринен турган кайталанма, ай­ланма процесс (жүрүш). Жылуулук машина­ларынын п. а. к-нын аныктоодо фр. инженер

<img src='КАРНО ЦИКЛИ24.png' alt='р–v (басым – көлөм) диаг­раммадагы Карно цикли; 8Q ж-а 8Q2 – cистемага бе­рилген ж-а алынган жылуу­лук сандары; АВCD аянты­нын сан мааниси цикл ат­карган жумушка барабар.' />


Н. Л. С. Карно бул циклди 1824-ж. биринчи изилдеген. К. ц-нин п. а. к. (11) жумуш аткаруучу нерсенин (буу, газ ж. б.) касиетине көз каран­ды эмес, ал жылуулук бергичтин Т1 ж-а жылуу­лук кабыл алгычтын Т2 темп-раларынын чоң­дугу м-н аныкталат, б. а. 11=(Т –Т )/Т . Ар кан- дай жылуулук машиналарынын п. а. к. К. ц-нин п. а. к-нен көп болушу мүмкүн эмес. К. ц. термодинамиканы ж-а жылуулук техни­касын өнүктүрүүдө, жаңы кыймылдаткычтар­ды жасоодо чоң мааниге ээ. К. ц-не таянып, темп-ранын абс. термод. шкаласы түзүлгөн, Клапейрон-Клаузиус теңдемеси чыгарылган.