КАРЛ
КАРЛ I Улуу (лат. Carolus Magnus) (2. 4. 742– 28. 1. 814, Ахен) – Франк королу (768-жылдан),
императору (800). Каролинг династиясы К. Iнин ысмынан аталган. Көптөгөн жортуулдардын натыйжасында лангобарддар (773–774, 776–777), бавар герцогу Тассилон (788), сакстар (772–804), испаниялык арабдар (778–779, 796–810), аварлар (791–799), славяндар (789–806) м-н согушуп, зор империя түзгөн. 800-ж. Рим папасы Лев III К. Iге император таажысын кийгизген. К. I өз мамлекетинин чек араларын бекемдеп (маркаларды түзүү), империяда өз бийлигин борбордоштурган. К. I «мамлекеттик элчилер» аркылуу графтардын иштерин текшерип турган. Католик чиркөөсүнө таянып, чиркөө кызматкерлерине жогорку кызматтарды, кеңири укуктарды берген. Епископтордун дайындоолоруна кийлигишип, басып алган жерлердин элин зордоп

христиан динине киргизген. Анын саясаты Батыш Европада феодалдык мамилелердин калыптанышына таасир тийгизген. К. Iнин учурунда франк мамлекетинде мад-ттын кээ бир тармактары өнүккөн. К. Iнин империясы 843-ж. кулаган.