КАНТСЫЗ ДИАБЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНТСЫЗ ДИАБЕ́Т – канда вазопрессин гормо­нунун азайышынан болгон эндокрин оорусу. Заа­ранын абдан көп бөлүнүшү ж-а өтө суусоо м-н мүнөздөлөт. Бул ооруга вазопрессинди канга бөлүп чыгаруучу гипоталамус ж-а гипофиздин жабыркашы себеп болот. Оорулуу суюктукту көп ичкендиктен ж-а суткасына 4–12 лге, кээде 30–40 лге чейин түссүз, жытсыз, салыштырма салмагы төмөн, канты жок заара бөлүп чыга­рат. Организм сууну көп жоготкондуктан, оору­луунун алы кетип, териси, былжыр чели кур­гайт, арыктайт, алы кетет, башы айланып ооруйт, кускусу келет. Оору өнөкөт болуп көпкө созулат, өмүргө коркунуч туудурбайт. Кээде ту­кум куума болушу мүмкүн. Дарылоодо гормон­дор пайдаланылат.