КАРИМОВ Жумалы
КАРИМОВ Жумалы (1892, Нарын обл., Кочкор р-ну, Мантыш кыш. – 1950, ошол эле жер) –

малчы, Соц. Эмг.
Баатыры (1948). 1946-жылдан Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы «Коммунизм» совхозунун жылкы ферма башчысы болуп иштеген. 1947-ж. ал башкарган ферма 72 бээден 72 кулун алган. Ленин ордени м-н сыйланган.