КАРИБ ДЕҢИЗИ
КАРИ́Б ДЕҢИЗИ , К а р а и б д е ң и з и – Атлантика океанындагы жартылай туюк деңиз. Батышынан ж-а түштүгүнөн Борб. ж-а Түш. Америка, түн. ж-а чыгышынан Чоң ж-а Кичи Антил а. м-н чектешет. Юкатан кысыгы аркылуу Мексика булуңу, Кичи ж-а Чоң Антил

а-ндагы көптөгөн кысыктар аркылуу Атлантика океаны, Панама аркылуу Тынч океан м-н туташат. Аянты 2777 миң км2, көлөмү 6745 км3. Эң терең жери 7090 м (Кайман кобулу). Жээктери тоо, ойдуңдуу; батышы ж-а Антил а. тарабы коралл рифтери м-н курчалган. Булуңдары: Гондурас, Дарьен, Венесуэла. Ири аралдары: Куба, Гаити, Ямайка, Пуэрто-Рико. Суунун темп-расы кышында 25°С, жайында 29°С. Туздуулугу 36‰. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийикт. 1 мге чейин). Балык кармалат. Бермет чогултулат. К. д. – Панама аркылуу Атлантика океанынын түн. бөлүгүндөгү портторду Тынч океандын порттору м-н байланыштырган кыска деңиз жолу. Негизги порттору: Маракайбо, Ла-Гуайра (Венесуэла), Барранки-

лья ж-а Картахена (Колумбия), Лимон (Коста- Рика), Колон (Панама), Санто-Доминго (Доминика Респ.), Сантьяго-де-Куба (Куба). Деңиз жээктери – негизги рекреациялык зона, курорттору көп, пляждары жакшы.
Ад.: Залогин Б. С., Косарев А. Н. Моря. М., 1999.