БЕЙШЕЕВ Үсөн

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:50, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕЕВ Үсөн [10. 10. 1920, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу обусу, Пишпек уезди (азыркы Нарын облусу, Коч­кор району, Теңдик кыштагы) – 12. 09. 1982, ошол эле жер­] – Даңк орденинин толук кавалери. Айфылдык мектептен 10-классты бүтүрүп, Кочкор айыл кеңешинде катчы болуп иштеген. Советтик Армиянын катарына 15. 08. 1942-жылы Тянь-Шань облусунун Кочкор райондук аскер комисариаты чакырылып, Фрунзе шаарындагы жөө аскерлер окуу жайынын артиллериялык курсун бүтүргөн.

1943-жылы 3-Ук­раина ж-а 1-Белорус фронт­торунда, Украина, Белоруссия ж-а Польшаны бошотууга, Берлинди алууга катышкан. Красный кыштагы үчүн 3-дара­жадагы (1944), Головачув шаарын бошотуудагы баатырды­гы үчүн 2-даражадагы (1945), Зеелов бекемделген районун алуудагы эрдиги үчүн 1-даражадагы (1946) Даңк ордендери м-н сыйланган.