КАРДИФФ
КА́РДИФФ – Улуу Британиядагы тарыхый провинция Уэльстин административдик борбору. 1996-жылдан унитардык түзүлүш статусуна ээ. Бристоль булуңундагы порт (2005-жылы 2,5 млн т жүк ташылган). Калкы 311,5 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Темир жол ж-а автомагистралдар Уэльстин ж-а Улуу Британиянын башка шаарлары м-н байланышат. Учурда ири өнөр жай ж-а соода борбору. Кара металлургия, машина куруу (электр-техника, радиоэлектроника), тамак-аш (пиво), кагаз өнөр жай ишканалары ж-а 150дөн ашык фирмалар иштейт. Кардиффда көптөгөн масса-

лык маалымат каражаттары (анын ичинде телекомпания ж-а ВВС Wales радиостанциялары) жайгашкан. Алгач б. з. ч. 1-кылымда эле адамдар отурукташкан. Сепил (11-кылым), Лландафта кафедралуу собор (12–15-кылымдар), готика стилиндеги Сент-Жон (15-кылым) ж-а Ыйык Иоанн чокундуруучу (15-кылым) чиркөөсү сакталган. Университеттер, музыка ж-а королдук драма коллежи (консерватория; 1949), китепканалар системасы (19 филиалды камтыйт), музейлер (анын ичинде улуттук), көркөм искусство борбору (1999) ж. б. бар. Жыл сайын ачык асман алдында маданий фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризмдин ири борборлорунун бири (жылына 11 млндон ашык турист келет).