КАРДИФФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РДИФФ – Улуу Британиядагы тарыхый про­винция Уэльстин адм. борбору. 1996-жылдан унитардык түзүлүш статусуна ээ. Бристоль бу­луңундагы порт (2005-ж. 2,5 млн т жүк ташыл­ган). Калкы 311,5 миң (2008). Эл аралык аэро­порту бар. Т. ж. ж-а автомагистралдар Уэльс­тин ж-а Улуу Британиянын башка шаарлары м-н байланышат. Учурда ири ө. ж. ж-а соода борбору. Кара металлургия, машина куруу (электр-тех., радиоэлектроника), тамак-аш (пиво), кагаз ө. ж. ишканалары ж-а 150дөн ашык фирмалар иштейт. К-да көптөгөн масса-

Ыйык Иоанн Чокундуруучу чиркөөсү (15-к.).

лык маалымат каражаттары (а. и. телекомпа­ния ж-а ВВС Wales радиостанциялары) жай­гашкан. Алгач б. з. ч. 1-к-да эле адамдар отурук­ташкан. Сепил (11-к.), Лландафта кафедралуу собор (12–15-к.), готика стилиндеги Сент-Жон (15-к.) ж-а Ыйык Иоанн Чокундуруучу (15-к.) чиркөөсү сакталган. Ун-ттер, музыка ж-а ко­ролдук драма коллежи (консерватория; 1949), китепканалар системасы (19 филиалды кам­тыйт), музейлер (а. и. улуттук), көркөм иск-во борбору (1999) ж. б. бар. Жыл сайын ачык ас­ман алдында маданий фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризмдин ири борборлорунун бири (жы­лына 11 млндон ашык турист келет).