КАРДИОСТИМУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРДИОСТИМУЛЯ́ЦИЯ – жүрөктүн кагуу ыр­гагынын бузулушун атайын прибор – кардио­стимулятордун жардамы м-н дарылоо ыкмасы. Анын жүрөк кагуусун тездетүүчү ж-а жайлатуучу түрлөрү болуп, жүрөктүн ж-а тамырдын кагуу ыргагына жараша колдонулат. Кардиостимуля­тор 2 негизги бөлүктөн – жүрөк булчуңун (мио­кардды) иштетүүчү электроддон ж-а энергия бу­лагынан турат. Прибор операция жолу м-н ту­руктуу стимулдоо үчүн электроддор – миокард­га, электр булагы курсак, көкүрөк же колтук терисинин астына жайгаштырылат. Кийинки убакта электродду кол же моюн венасы аркы­луу жүрөк көңдөйүнө (оң карынчага) орнотуу ыкмасы иштелип чыккан. Электроддун жайга­шуусу рентгендик изилдөө м-н текшерилип ту­рат. Аны бардык курактагы оорулууга коюуга болот. Бул операция кардиохирург. мекемелер­де жүргүзүлөт. К. жүрөктүн кагуу ыргагы ж-а кан өткөрүүсү бузулганда ж-а диагностикалык максатта колдонулат.