КАРДИОСКЛЕРОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРДИОСКЛЕРО́З (кардио... ж-а склероз) – жүрөк-кан тамыр атеросклерозунда жүрөк кан м-н жетишсиз камсыз болгондо ж-а сезгенгенде жүрөк булчуңунун туташтырма тканынын өсүп кетишинен болгон оору. Демейде жүрөктүн кан­дайдыр бир өнөкөт же катуу кармаган оорула­рынан келип чыгат. Ага көбүнчө инфекция – аллергиялык, вирустук ж-а бактериялык мио­кардиттин кабылдоосунан болгон жүрөктүн таа­жыча артериясынын атеросклерозу себеп болот. Анын алгачкы ж-а негизги белгилери: адегенде кара күч жумшаганда, кийинчерээк тынч абал­да да демигүүнүн пайда болушу; кийин оорулуу­нун тамыры тез кагат, буту шишийт, боору чо­ңоёт, өпкө кан тамырларында кан жай жүрүп, дем кыстыгат; жүрөк чоңоёт, жүрөк капкала­рынын туташтырма ткандары өсүп, жүрөк кем­тигине алып келет. Дарылоодо жүрөк булчу­ңун кан м-н жабдууну жакшыртуу үчүн кан тамыр кеңейтүүчү дарылар, жүрөктүн начарла­шын (жетишсиздигин) жакшыртуучу, кагуу ыргагын оңдоочу каражаттар колдонулат.