ВЫГЛАЗОВ
ВЫГЛА́ЗОВ Григорий Исаевич (1919, СССР, Батыш Сибирь крайы, Сузун району, Шайдаров кыштагы – 16. 05.1942, РСФСР, Крым АССРи, Ленин району, Баксы (башка маалыматта Глазовка) кыштагы) – Советтер Союзунун Баатыры (22. 03. 1944). Советтик Армиянын катарына Ош облусунун Гүлчө райондук аскер комиссариаты тарабынан 1939-жылы чакырылган.


Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк Кавказ фронт штабынын чалгындоо бөлүмүнүн парашют батальонунда бөлүмдүн командири. Керчь жарым аралындагы салгылаштарга катышып, ошол жердеги Глазовка кыштагына жакын согушта курман болгон. Керчь жарым аралындагы Темиров шаарынын аймагындагы салгылашта душмандын 3 танкасын экипажы менен талкалап, 20 фашистти жок кылып, советтик аскерлерге чабуулун улантууга шарт түзгөн. Ефрейтор Г. И. Выглазов ошол чабуулда курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.