КАРАШЕВ Ташмат
КАРАШЕВ Ташмат (1. 2. 1932-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Кызыл-Дыйкан айылы) – физик, физика-математика илимд. кандидаты (1963), проф. (1992). КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (2004), КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. кызматкери (2000). КМУну (1953), ошол эле жерде аспирантураны (1956) бүтүргөн. Ленинград инженер-экономика ин-тунда окутуучу (1955–57), КМУда окутуучу (1957), улук окутуучу, доцент (1965), кафедра башчысы (1967–72), декан (1972–78), 1978-жылдан кафедра башчысы. Катуу нерселердин физикасы б-ча адис. 50дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 6 окуу куралы жарык көргөн.
Эмг.: Механика (в соавторстве). Ф., 1972; Молекулярная физика. Б., 1996; Физика курсу (авторлош). Б., 2002.