КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:21, 27 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕ́СИЯ , Карачай-Черкес Респуб­ликасы Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түш­түгүндө, Чоң Кавказдын түндүк этегинде жайгаш­кан. Түштүгүнөн Грузия м-н чектешет. Аянты 14,3 миң км2. Калкы 429,0 миң (2008). Борбору – Черкесск шаары. Административдик-аймактык жактан 9 районго, 4 шаарга, 7 шаарчага бөлүнөт. Түштүк федерация округуна кирет. Мамлекеттик бий­ликтин органдар системасы республиканын 1996-жылы кабыл алынган конституциясы тарабынан аныкталат. Мамлекет башчысы – президент.
Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Экологиялык абалы анча татаал эмес, ал атмосферанын ж-а суунун булгануусуна байланыштуу. Жери дег­радацияга учурап, анын негизинде экологиялык курч абал пайда болууда. Абаны автомобиль газда­ры булгоодо (жылына 300 миң т). Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн (2/3 ) Чоң Кавказ кырка тоосунун тоо системалары ээлейт. Эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м; Россиянын эң бийик точкасы). Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы түндүгүндө –3°Сден –4°Сге чейин (–33°Сге чейин суук болот), түштүгүндө –10°C, июлдуку 21– 21°Сге чейин (максимуму 38–40°С). Жылдык жаан-чачыны 500 – 700 мм ден (түздүктөрүндө) 2000–2500 ммге чейин ) тооло­рунда. Башкы дарыясы – Кубань (анын куйма­лары: Теберда, Кичи ж-а Чоң Зеленчук, Уруп, Чоң Лаба). Анча чоң эмес 370тен ашык көлү бар. Республиканын түндүгүнөн Чоң Ставрополь ка­налы өтөт. Тоо этегиндеги талаалар жазы ж-а ийне жалбырактуу токой (көк карагай, кара­гай ж-а кызыл карагай) м-н, жогорулаган са­йын бийик тоолуу шалбаа м-н алмашат. Кен байлыктарынан көмүр, алтын, түстүү металл, отко чыдамдуу чопо, мрамор, жез ж. б. казы­лып алынат. Минералдуу суулар (нарзан тибиндеги), жылуу булактар чыгат. Россиянын Кызыл ки­тебине омурткалуулардын 27 түрү (анын ичинде кавказ кундузу, кавказ токой мышыгы ж. б.) кирги­зилген. Теберда (Архыз участкасында кавказ ­беловежа зубру коргоого алынган; 50дөн ашык), Кавказ (бир бөлүгү) коруктары уюшулган. Кор­гоого алынган аймак республиканын жеринин 41%ин ээлейт. Кавказ коругу (биосфералык) Чоң Кав-



Теберде дарыясынын өрөөнү.

каз объектилеринин курамында, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Карачай-Черкесиянын чегинде өзгөчө коргоого алынган экологиялык- курорт – Кавказ минералдуу суулары жай­гашкан.
Калкынын негизин орустар (42,4%) түзөт; ошондой эле карачай (32,2), черкес (9,7), абазин (6,6%), ногой (3,2) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ис­лам (мусулман), христиан (православныйлар ж-а протестанттар) динин тутат. Орточо жышты­гы 1 км2 жерге 30,2 киши. Шаар калкы 44,1%. Маанилүү шаарлары: Усть-Жегута, Карачаевск. 19-кылымдын 1-жарымынан Россиянын курамын­да. 1922-жылы Карачай-Черкес АОсу болуп түзүлүп, 1926-жылы Карачай АОсуна ж-а Черкес улуттук ок­ругуна (1928-жылдан Черкес АОсу) бөлүнгөн. 1943-жылы Карачай автономиясы жоюлуп, калкы күч м-н чыгарылган. 1957-жылы кайрадан бириги­шип, Карачай-Черкес АОсу калыбына келтирил­ген. 1992-жылдан Карачай-Черкес Республикасы. Карачай-Черкесия Түндүк-Кавказ экономикалык районунун курамына кирет. Республиканын экономикасы туризмге байла­ныштуу (кийинки кездери региондо абал турук­туу эмес). Аймагы тоолуу (80%) болгондуктан, туризм, альпинизм ж-а курорт тармактарынын өнүгүшүнө толук шарт бар. Региондун дүң про­дукциясынын көлөмү 7372,3 млн рубль. Анда­гы өнөр жайдын үлүшү 18,3%, айыл чарбаныкы 24,8%. Химия, нефть-химия (ири ишканалары: З. С. Цахи­лов атындагы Черкес химия өндүрүш бирикмеси, «Ре­зинатехника»), тамак-аш («Меркурий», «Са­турн», «Камос», Эркен-Шахар кант заводу), куру­луш материалдар («Кавказцемент»), электр энер­гетика өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбага жарактуу жери 581,5 миң га (жер фондусу­нун 40%), анын ичинде 26,7%ин айдоо аянты ээлейт. Дан эгиндери (138,3 миң га), тоют ж-а жашылча­-бакча өсүмдүктөрү (21,3%), картөшкө айдалат. Темир жолунун узундугу 51 км, автомобилдики 3043 км (толугу м-н асфальтталган). Жалпы билим берүүчү 192, башталгыч ж-а орто билим берүүчү 15 окуу жайы, 16 ЖОЖ (анын ичинде 11 мамлекеттик, филиал­дары м-н) бар. 4 театр, филармония, 8 музей (анын ичинде тарыхый-маданий ж-а табигый музей-ко­рук, улуттук «Алан Эрмитажы», баалуу таш­тар ж. б.), 3 китепкана (анын ичинде атайын азиздер үчүн) иштейт. Республиканын аймагы аркылуу Аскер-Сухуми жолу өтөт. Республикадада 10–11-кылымдардын архитектура­лык эстеликтери (крест-кумпалуу храмдары), коргонуу жайларынын (Адиюх шаар калды­гындагы мунара; 1760), коргон-бейиттердин (14–17-кылымдар) ж-а мечиттердин (Хасауте, 19-кылымдын башы) калдыктары сакталган. 1987-жылдан ав­тордук ыр фестивалы өткөрүлүп турат.


Ад.: Карачаево-Черкессия // Большая Российская Энциклопедия, спец. том. Россия, М., 2004; Карачае­во-Черкессия // Большая Российская Энциклопедия, Т. 13. М., 2009.

Р. Карачалова.