КАРАСУК МАДАНИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАСУК МАДАНИЯТЫ – коло доорунун аягындагы археологиялык маданият (биздин заманга чейинки 2-миң жыл­дын аягы –1-миң жылдын башталышы). Карасук маданияты негизинен Түштүк Сибирдин тоолуу райондорунда, Ка­закстанда жана Обь дарыясынын жогорку агымында тараган. Мында эл отурукташкан жайлардын калдыгы жана ар биринде жүздөн ашуун мүрзөсү бар көрүстөндөр калган. Маркумдардын сөөгү таш үкөккө салынып, капталдары таш менен кы­налган тегерек же чарчы мүрзөлөргө көмүлгөн. Карасук маданиятынын уруулары энелик доордон аталык доор­го өтүү мезгилинде жашаган. Алар мал чарба, дыйканчылык менен кесиптенишип, карапа идиш­терин, коло буюмдарын көп жасап, айрымда­рын айбандардын сүрөтү менен кооздошкон. Жез казып алып, аны иштетүүнү да билишкен. Моңголия, Байкал, Батыш Сибирь, Орто Азия калкы менен байланышта болгон.