КАРАСАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 3 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАСАЕВ Хусеин (5. 1. 1901, Ысык-Көл облусу, Түп району, Кең-Суу айылы – 31. 1. 1998, Кара­кол) – тилчи-лексикограф, алгачкы агартуучу­лардын жана Кыргызстанда сөздүк түзүүгө негиз салуу­чуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, профессор (1966), КР УИАнын ардактуу академиги (1992), КРдин К. Тыныстанов атындагы илим жана техника жаатын­дагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1993). Караколдогу орус­-тузем мектебинен билим алган (1914–16). 1923-жылы

Ташкенттеги Кыргыз-казак агартуу институтунда окуп жүр­гөндө И. Арабаев, К. Тыныстанов менен бирге кыр­гыздын алгачкы гезити «Эркин-Тоону» чыга­рууга (1924) катышкан. Ленин Орто Азия мамлекеттик университетинин жумушчу факультетинде кыргыз тили мугалими (1925–26), Ленинграддагы А. Енукид­зе атындагы Чыгыш институтун бүтүрүп (1931), ошол институтта, кийин Москвадагы М. Ломоносов атындагы университетинин Чыгыш факультетинде кыргыз жана түрк тил­дери мугалими (1949–50), Кыргыз маданий ку­рулуш илим изилдөө институтунда, Тил, адабият жана та­рых илим изилдөө институтунда улук илимий кызматкер (1931– 40; 1941–55), СССР ЭКСте редактор (1940–41), КМУда (азыр КУУ) окутуучу (1951–74) болуп эм­гектенген. 1924-жылы араб графикасынын неги­зинде кыргыз алфавитин түзүүгө катышкан. Ал эми 1927-жылы К. Тыныстанов менен бирге латын тамгасынын негизиндеги жаңы алфавиттин дол­боорун түзүп, Самарканддагы кеңешмеге катыш­кан. Натыйжада, «Сабат ачкыч» алиппени (1927), И. Арабаев менен бирдикте жаңы латын алфавитинин негизинде «Жаңылык» аттуу окуу китебин жазып, 1928-жылы басмадан чыгарган. Бул алиппе китеби кыргыз эли латын тамга­сын кабыл алган кезде, жаңы тамга менен бирин­чи басылып чыккан эң мыкты окуу куралы бо­луп, сабатсыздыкты жоюуга зор кызмат кыл­ган. Анын лексикографиялык багыттагы изилдөөлөрү үч аспектиге бөлүнөт: 1) орфографиялык сөздүктөр; 2) кош тилдүү котормо сөздүктөр; 3) лингвисти­калык-этимологиялык сөздүктөр. Ал Тыныстанов менен бирге тил терминдеринин cөздүгүн, алгачкы «Орусча-кыргызча сөздүктү» (1938, И. Батманов менен бирге), «Орусча-кыргызча сөздүктү» (1944, К. Юдахин, Ж. Шүкүров менен бирге) түзгөн. 1956-ж. Ю. Яншансин менен «Орфографиялык сөз­дүктү» түзүп, кийин бул сөздүктү өзү толуктап, 60 миң сөздөн турган «Кыргыз тилинин орфо­графиялык сөздүгүн» (1966), кийин 1970–80-ж. «Түгөйлүү сөздөр» (1971), эки томдон турган «Накыл сөздөр» (1982; 1987), «Өздөштүрүлгөн сөздөр» (1989), «Камус наме» (1992) аттуу сөздүк­китептерди чыгарган. «Манас», «Семетей» эпос­торун кагаз бетине түшүрүүгө да салым кошкон. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалы менен сый­ланган. Каракол шаарында эстелиги коюлуп, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде му­зейи ачылган жана БГУга ысмы берилген (1993).