КАРАМАТОВ
КАРАМАТОВ Озодбек (29. 3. 1964-ж. т., Ош обл., Сузак р-ну, Сузак айылы) – экономика илимд. доктору (2005). Ташкент айыл чарбасын ирригациялоо ж-а механикалаштыруу инженерлер ин-тун бүткөндөн (1987) кийин инж. геодезия кафедрасында ассистент, 1990–92-ж. Акмоло (азыркы Астана) а. ч. ин-тунун аспирантурасында окуп, кандидаттык диссертациясын жактаган. 1993–94-ж. кайрадан Ташкент инженерлер ин-тунда, 1994–96-ж. Прогнозстатмамкомунда, 1996–97-ж. «Банксугурта» камсыздандыруу компаниясында, 1997–98-ж. «Марс-МН» АКда иштеген. 1999-ж. Эл достугу ун-тине ректор болуп шайланган. 2005–07-ж. ушул ун-ттин экономика, менеджмент ж-а бизнес кафедрасында доцент, 2007–09-ж. проректор, 2009-жылдан ректор. 2 монографиянын, 30дан ашуун ил. эмгектин автору.
Эмг.: Рынок земли: реалии и перспективы. Б., 2005;
Функционирование и регулирование рынка земли в Кыргызстане. Б., 2008.