КАРАКОЛ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:45, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ ЧОПО КЕНИ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Челпек кыштагынан 3 км түштүктө, Каракол суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1800–2000 м бийикте. 1987–1991-жылдары «Кыргыз ку­рулуш материалдары» концернинин Тоо-геологиялыу партиясы чалгындаган. Кен аянты калыңдыгы 1,7–20 м келген төртүнчүлүк мезгилиндеги ку­майлуу чопо катмарынан турат. Кумайлуу чо­по саргыч-боз түстө, тыгыздыгы жетишерлик гипстешкен. «100», «125» маркадагы кыш алуу­га жарамдуу. Кору В категориясы боюнча 582 миң м3, С – 2107 миң м3.