КИРОВ кыштагы, Ош облусу
КИ́РОВ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Сарай айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара- Суу шаарынын түштүгүнө улай жайгашкан. Калкы 1543 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.