КИР ЖУУГУЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИР ЖУУГУЧ – кир буюмдарды мех. жол м-н жуучу машина. 19-к-дагы алгачкы кир жуугуч түзүлмө жыгачтан жасалып, кир кол м-н жуул­ган. Кийинчерээк электр кыймылдаткычы ар­кылуу айлануу кыймылына келүүчү барабан­дан суу ысытуучу ж-а сыгуучу түзүлмөдөн тур­ган К. ж. пайда болгон. Биздин өлкөдө да бир канча типтеги К. ж. жасалган. Алардын бири азыркы кезге чейин үй тиричилигинде колдону­луп келаткан «Киргизия» машинасы. Азыркы

Автоматтык кир жуугуч машина.

кездеги К. ж. суу кирбөөчү тулкусунун ичинде жайгашкан атайын көзөнөкчөлүү барабандан ту­рат. Барабан жай айланганда, кир жуулуп, ал эми ылдам айланган учурда кир сыгылат. Суу куюлгандан баштап ысытуу, жуу, сыгуу, кур­гатуу, суу төгүү иштери атайын микропроцес­сорлордун жардамы м-н автоматтык түрдө баш­карылат.