КАРАКАЛПАК ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 3 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКАЛПАК ТИЛИкаракалпактардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Каракалпак тили түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш деп эки диа­лектиге бөлүнөт жана ал диалектилер фонететикалык өзгө­чөлүктөргө ээ. Каракалпак тили үчүн жалпы түрк тилиндеги «ч» жана «ш» тыбыштарынын «ш» жана «с» тыбы­шына алмашылып айтылышы мүнөздүү (мис., каш – «кач», бас –«баш»). Бул жагынан ногой, казак тилдерине жакын. Каракалпак тили «л», «д», «т» тыбышта­ры өзүнөн мурда кел ген үнсүз тыбыштын өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлбөйт (мис., кыргыздар – таштар; казактар – тастар; каракалпактар – тас­лар). Каракалпак тилинде «г», «д» жумшак үнсүздөрүнүн болушу аны түрк тилдеринин огуз тобуна жа­кындатат. Огуз тобу Каракалпак тилинин калыптанышына таасир тийгизген. Каракалпак адабий тили Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин калыптанган.
Жазуусу 1928-жылга чейин араб алфавитинде, 1928– 40-жылдары латын алфавитиндеги жазууда болгон. 1940-жылдан орус алфавитине өткөн.


Ад.: Баскаков Н. А. Каракалпакский язык. М.; Л., 1951–52. Т. 1–2; Современный каракалпакский язык.
Нукус, 1981.