КАРАЕВ
КАРАЕВ Өмүркул [1930, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Чүй р-ну, Сайлык кыш. – 19. 9. 2002, Бишкек] – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1984), проф. (1994). 1953-ж. КМУну бүткөн. 1952– 58-ж. Ош обл-нун мектептеринде мугалим, 1963– 87-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунда кенже, улук, жетектөөчү ил. кызматкер, сектор башчысы, 1987–94-ж. Кол жазмалар ж-а жарыялоо бөлүмүнүн башчысы, 1994–2002-ж. сектор башчысы болуп иштеген. Эмгектери байыркы ж-а о. кылымдагы кыргыз тарыхынын маселелерине, а. и. Моголстандын тарыхын изилдөөгө арналган ж-а кыргыз элинин этнос болуп түзүлүшү, анын тарыхый хроникаларын аныктоодо сунуш кылган жаңы көз караштары бир топ талаш маселелерди чечүүдө маанилүү болуп эсептелет. К.– кыргыз илимпоздорунун ичинен алгачкы араб таануучу. 50дөн ашуун ил. эмгектин (4 монография, 1 китеп) автору.
Эмг.: Арабские и персидские источники IX–XII вв.
о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Арабо-персидские источники о тюркских народах. Ф., 1973; История
Караханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф.,
1983; Чагатайский улус, государство Хайду, Моголистан. Б., 1994.