КИНШАСА
КИНША́СА – Конго Демокр. Респ-нын борбору, шаар. Конго (Заир) д-нын сол жээгинде жайгашкан. Калкы 9,2 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаар). Ири жолдор тоому. Дарыя порту. Матади деңиз порту м-н автомобиль, т. ж. Браззавиль (Конго Респ.) м-н паром аркылуу байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү акырындык м-н ээлөөдө. К-да өлкөнүн ири банктарынын офистери, чет өлкөлүк банктардын

өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Машина, кеме куруу ж-а ремонттоо, металл иштетүү, жыгаччылык, хим. (пластмасса, шина, самын), металл иштетүү, тамак-аш (ун, май), булгаары–бут кийим, жеңил, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (бет кеп, жыгач ж-а карапа буюмдары, пальма рафиясынан согулган буюмдарды даярдоо) өнүккөн. Шаар 1881-ж. африкалык изилдөөчү Г. Стэнли тарабынан негизделген. 1926–60-ж. чейин Леопольдвиль аталган. 1966-жылдан азыркыдай аталат. 1971–97-ж. Заирдин, 1997- жылдан Конго Демокр. Респ-нын борбору. Улуттук ун-т (эң ири китепканасы, ядро изилдөө борбору ж-а тарыхый-этногр. музейи м-н), ил. ин-ттар (а. и. география, тропик медицинасы, геология кызматы), көркөм иск-во улуттук академиясы, музей, театр, о. эле бир нече мамл. эмес ЖОЖ (а. и. Америка, протестант ж. б.) бар. Зоопарк уюштурулган. Эл аралык театр фестивалдары ж-а күндөрү өткөрүлүп турат.