КИНОТЕХНИКА
КИНОТЕ́ХНИКА – техниканын кинофильмдерди чыгаруу, көбөйтүү ж-а көрсөтүү каражаттарын ж-а ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. Сүрөт тартуучу ж-а көрсөтүүчү алгачкы аппаратты 1895-ж. фр. ойлоп тапкычтар Луи ж-а Огюст Люмерлер жасашкан. Ал аппарат «кинематограф» (гр. kinema – кыймыл ж-а ...графия –
жазуу, б. а. кыймылды жазуу) деп аталган. Бул аппараттын негизинде 1895-ж. Парижде эң биринчи кинотеатр ачылган. Кийин көп мамлекеттерде ар кандай конструкциядагы тартуучу, көрсөтүүчү киноаппараттар пайда болуп, 1896- жылдан Франция, Англия, Россия, Бельгия, Германия ж. б. өлкөлөрдө кино көрсөтүлө баштаган. Алгачкы фильмдер үнсүз, түссүз ж-а көлөмсүз тартылган. 1929-ж. Сов. Союзунда А. Шорин, П. Тагер ж-а В. Охотников биринчи жолу кинону үндөштүргөн. Биринчи кинотеатр ачылгандан кийин кинематография өркүндөтүлүп, көп жетишкендиктерге ээ болгон. Фильмдер үндүү, түстүү, кең экрандуу, кең форматтуу, стереофондуу, вариоскоптуу ж-а айланма панорамалуу тартыла баштаган. Кино чыгарууда ж-а көрсөтүүдө ар түрдүү аппараттар колдонулат. Аларга кино тартуучу, үн жазуучу, плёнканы иштетип чыгаруучу, кинофильмдерди басуучу, көрсөтүүчү ж. б. аппараттар кирет. Кино тартуучу аппараттар ар түрдүү конструкцияда түзүлөт. Алар көрүнүштөрдү (сүрөттөрдү) биринин артынан бирин улай тартып, аларды өз убагында плёнкага түшүрүп калууга ылайыкташтырылат. Бир секундда тартылуучу кадрлардын саны кино тартуунун тездиги деп аталат.
Азыр К-ны үзгүлтүксүз өркүндөтүү – сүрөттү көрсөтүүнүн ж-а үндү угузуунун сапатын жакшыртуу, жарыкка өтө сезгич киноплёнкаларды түзүү, оптикалык басуу методу м-н фильмди бир форматтан башка форматка өткөрүп, көчүрүүчү жабдууларды жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. 1990-жылдардан негизинен видеокамера колдонула баштады.