КИНОСТУДИЯ
КИНОСТУ́ДИЯ – кинофильм чыгаруучу мекеме. К-да сценарий даярдоодон тартылган фильмди бир нече нускага көбөйткөнгө чейинки иш процесси аткарылат. Көркөм, документ, ил.- популярдуу, окуу фильмдерин ж-а мультипликациялык кинокартиналарды чыгаруучу К-лар бар. К-дагы кино тартуучу топ негизги өндүрүштүк бирдик болуп саналат. Сценарий бөлүмү авторлорго сценарий заказ берип, жазылган сценарийди редакциялайт, андан соң адистер актёрлорду тандоо, павильондун жасалгаларын даярдоо өңдүү иштерди бүтүрөт. Документ фильмдердин К-сы фильмдин өзгөчөлүгүнө жараша тартуу иштерин жүзөгө ашырат. Мультфильмдер мультипликациялык станоктордо атайын аппараттар м-н бир ж-а көп пландуу болуп тартылат. Белгилүү К-лар: «Юнайтед артистс», «Жыйырманчы кылым – Фокс», «Коламбиа пикчерс», «Парамаунт» (бардыгы АКШ-да), «Чинечитта» (Италия), «Мосфильм», «Ленфильм» (экөө тең Россияда), о. эле к. «Кыргызфильм».