КИНО ИСКУССТВОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НО ИСКУССТВОСУ – көркөм чыгармачы­лыктын бир түрү; өзүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык ад-т м-н театрдын, сүрөт өнөрүнүн музыканын көркөм касиеттерин сиңирип пайда болгон ж-а өнүккөн синтездүү иск-во. Иск-вонун башка түр­лөрүндөй эле К. и. да турмуш чындыгын чагыл­дырат. Жаңы фильмди жаратууда кинодрама­тург, режиссёр, актёрлор, оператор, сүрөтчү, ком­позитор, түрдүү аппаратура, аспаптарды башкар­ган тех. адистер катышат. К. и. негизинен көр­көм фильм, документ кино, мультипликация­лык фильм ж-а ил.-популярдуу кино болуп бөлүнөт. Фильм чыгаруу ж-а аны көрүүчүлөргө тартуулоо – чыг-лык ж-а уюштуруу ишин та­лап кылган татаал процесс. К. и-нун өнүгүү тарыхы шарттуу түрдө 4 мезгилге бөлүнөт. Б и­р и н ч и мезгил бир тууган Л. ж-а О. Люмьер­лер «жандуу фотографияны» ойлоп тапкандан тартып (1895) биринчи дүйнөлүк согуш (1914– 18) бүткөнгө чейинки учурду камтыйт. Алгач­кы фильмдерде окуя бир жерде тартылып, ак­тёрлор театр техникасын, ад-т м-н театр таж­рыйбасын, цирк аттракционунун ыкмасын пайдаланган. К. алгачкы өнүгүшүнө реж. Ж. Ме­льес, М. Линдер (Франция), Я. Протазанов, В. Гардин (Россия), Д. Гриффит, Ч. Чаплин (АКШ) чоң салым кошкон. Э к и н ч и мезгил. 1920-жылдары «үнсүз» кино өз алдынча искусст­во катары калыптанган. Хроникалуу документ фильм м-н тарыхый рев-ялык монтаждуу фильм чыгарылган. Ү ч ү н ч ү мезгил 1930–40- жылдарды камтыйт. Бул мезгилде кинотасма­га үн жазуу техникасы киргизилген. Кинодрама­тургия өсүп, үндүү кинонун пайда болушу актёр­лордун чыг-лыгына кеңири жол ачкан. Т ө р­т ү н ч ү мезгил. Экинчи дүйнөлүк согуш аякта-


гандан кийин К-нун өнүгүшүнүн жаңы мезгили башталган. Бул жылдары кинотехниканын мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши м-н көркөм кара­жаттар көбөйгөн. Түстүү кино тартуу башталып, кең экрандуу ж-а панорамалуу фильмдер пайда болгон. Кең экрандуу фильмдерде стерео үн кол­донулат. Фильм, эреже катары, коллективдүү эмгектин натыйжасы болуп саналат, ага сцена­рист, режиссёр, оператор, сүрөтчү, композитор, монтаждоочу, көркөм фильмде актёрлор, о. эле бир катар чыг-лык, тех. ж-а адм. кызматкерлер катышат. Чыг-лык процессте негизги роль режиссёрго таандык. Кырг-нда кино тартуу 1942-ж. башталган, к. «Кыргызфильм».


Ад.: Первый век кино. М., 1996; Зоркая Н. М. Ис­тория советского кино. М., 2005.