КАРА-ҮҢКҮР КАПЧЫГАЙЫ
КАРА-ҮҢКҮР КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир-Тоодо. Нарын р-нунун аймагында. Долон ашуусунун чыгышын Оттук суусу кесип өткөн жерден К.-Ү. к. орун алган. Уз. 35 км, ортоңку бөлүгү жазы, кууш жери 100–200 м. Эң жазы жеринде Кара-Үңкүр кыш. жайгашкан. Оттук суусунун өрөөнү деңиз деңг. 2450–3000 м бийиктикте. Кап-
чыгай палеозойдун сланец, акиташ теги, конгломерат тектеринен турат, V сымал. Капчыгай аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт.