КИЛЕМ
КИЛЕМ – түр салып кооздоп токулган, бир жак бети түктүү, үйдүн тушуна тартуу, полго төшөө же бир нерсенин үстүнө жабуу үчүн колдонулуучу буюм. Имараттын ичин жасалгалоо, жылуулоо ж-а үн өткөрбөө үчүн колдонулат. К-дин кооздугу токулуу өзгөчөлүгүнө (түктүү же түксүз), материалдын түрүнө (жүн, жибек, кендир, кебез ж. б.), боёгуна, өлчөмүнө ж-а түс айкалышына жараша аныкталат. К. түктүү ж-а түксүз

болуп, вертикаль ж-а горизонталь станоктордо колго согулат (2 м2инин массасы 2,5; 3,2 кг же андан ашык) ж-а машина м-н (1 м2инин массасы 1,8–2,2; 2,5 кг) даярдалат (к. Килем токуу). Жаккар машинасы м-н жабдылган көп чөлмөктүү станоктор түксүз К. токууда пайдаланылат. Жаккар машиналуу токуучу станоктордо бир эле маалда беш-алты түстүү К-дин өңү ж-а ичи даярдалып, анын өң ж-а ичинен эриш жиптери аркак жиптерине илинип бекитилип, учу бычак м-н кесилет. К. токуу байыртадан (мын-
дан 10–12 миң жыл мурда К-дин бойро түрү кеңири тараган) эле белгилүү. Евразия көчмөндөрү б. з. ч. 3–2-миң жылдыкта кийиз К-ди жасап чыгарышкан. Кой чарбасы өнүккөн аймактарда (Түн. Месопотамия ж. б.) түктүү К. жасоо ойлоп табылган. Б. з. ч. 4-к-дын ортосуна таандык жогорку үлгүдөгү байыркы түктүү К. (ахемениддик Ирандын 5-Пазырык көрүстөнүнөн табылган) дүйнөлүк музейде (Эрмитажда) сакталып турат. К. Чыгышта (б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягында Борб. Азияда) кеңири таралып, К. токуу иштери Түш. (Индия, Пакистан ж. б.), Түш.-Батыш (Түркия, Иран ж. б.) ж-а Борб. Азия (Кытай, Моңголия, Кырг-н, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан ж. б.), Кавказ (Азербайжан ж. б.), Түн. Африка (Египет ж. б.), Чыгыш Европа (Россия, Украина, Молдавия, Беларуссия, Болгария, Румыния ж. б.) ж-а Түн. Европа (Финляндия, Швеция), Америка (инктер, навахолор) өлкөлөрүндө жакшы өздөштүрүлгөн. Азыркы учурда К. токуучу машиналардын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, К-дин структурасы жакшырып, аны бышык, түстүү ж-а бекем кылып жасап чыгаруу өркүндөтүлүүдө. Кыргыздар илгертен эле К. токуу м-н алектенишкен. Кырг-ндын Лейлек, Баткен, Ноокат аймактарында К. токуу кеңири жайылган. О. эле Кара- Балтада ө. ж-лык деңгээлде килем чыгаруучу ишкана иштейт. К-дин көлөмү (ордо К., калы К., төр К., төө К., жайлоо К. ж. б.), токулушу ж-а түр салынышы б-ча (жүл К., арабы К., барак К., куйма К. ж. б.) бири биринен айырмаланган түрлөрү бар, к. Килемчилик. Ад.: Ленин Л. М., Свердлин В. И. Ковры и ковровые изделия. М., 1960; Уметалиева Ж. Т. Киргизский ворсовый ковёр. Ф., 1966; Руденко С. И. Древнейшие в мире художественные ковры и ткани. М., 1968; Зариф М. Ковры. М., 2006.