КАРА-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Түркстан кырка тоосунда)
КАРА-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы терең төрдөгү мөңгү.
Исфара суусунун алабында. Уз. 6,6 км, аянты 10,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5480 м, этеги 3360 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3820 м. Абляциясынын аянты 4,0 км2.
Мөңгүдөн Телинген суусунун оң куймасы – Миң-
Теке агып чыгат.