КЕСИПТИК ЛЕКСИКА
КЕСИПТИК ЛЕ́КСИКА – белгилүү бир кесипке таандык болуп айтылган сөздөр. Мис., врач, хирург, уролог, дарыкана, операция ж. б. медицина кызматкерлерине; живопись, графика, скульптура, портрет ж. б. сүрөтчүлөргө; очерк, аңгеме, повесть, поэзия, роман ж. б. жазуучуларга таандык.