КЕТ ТИЛИ
КЕТ ТИЛИ , е н и с е й - о с т я к т и л и – кеттердин тили. Енисей семьясындагы тилдерден сакталып калган жалгыз тил. Кет-пумпокол топчосуна кирет. РСФСРдин Краснояр крайынын (Турухан ж-а Байкит р-ндору) түндүгүнө таралган. Имбат ж-а сым (же юг) деген эки негизги диалекти бар. К. т-нин биринчи жазуусун 1934-ж. енисей тилдерин изилдөөчү Н. К. Каргер түзгөн.