КЕФИР
КЕФИ́Р – сүттөн уютулган кычкыл азык. Ынак же көк сүттөн даярдалат. Сүт 85–87°С температурада 5–10 мин же 90–92°Сде 2–3 мин пастерленип, 19–23°Сге чейин суутулат. Ага түрдүү сүт кычкыл микроорганизмдеринен турган 3–5% кефир уюткусун куюп, аралаштырат. Уюган килкилдек продукт 8–10°С температурада түрдүү убакытка кармалат. Ага жараша начар (1 күндүк), орто (2 күндүк) жана өтө ачыган (3 күндүк), кычкылдуулугу ар башка (80–120°Т) кефир алынат. Өтө ачыган кефирде сүт кислотасы, спирт, көмүр кычкыл газ көбүрөөк, белоктун ажыроо продуктулары азыраак болот. Сүт заводдору майлуу (майлуулугу 2,5; 3,2 жана 6%), С витаминдүү, мөмө-жемиш ширелүү жана майы аз (0,5%) кефир чыгарат. Кефир көбүнчө чоң идиште ачытылып, даяр продукт бөтөлкөгө же полимер капталган кагаз жана полиэтилен пакеттерге куюлат. Сүткө караганда кефир сиңимдүү жана мүнөздөп тамактанууда пайдаланылат. Өтө ачыган кефир ичти катырат, начар ачыганы ичти алдырат. Кефирди 0°Сден жогору эмес температурада 3 суткага чейин сактоого болот.